• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды

Экономика 0


Бишкек, 27.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында УР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын билдирүүсүндө, Кыргызстанда учурда орточо инфляциялык динамиканын сакталып турушу байкалууда.

“2018-жылдын мартында инфляция жылдык туюндурууда 2,9 пайыздан 3,5% чейин деңгээлинде калыптанган. Улуттук банктын берген баасына ылайык белгиленген факторлор жыл акырына чейин сакталган шартта, ички дүң өнүмдүн алгылыктуу өсүш арымы уланып, ал келерки инфляциянын алгылыктуу чекте калыптанышына таасир этет”,-деди ал.

Абдыгулов билдиргендей, Кыргызстандын ИДПнын өсүшү акча которуулардын жана айлык маяналардын жогорулашы менен түшүндүрүлөт.

"“Кумтөр” алтын кен ишканаларын эске албаганда, экономиканын өсүшү 2018-жылдын январь-февралында 2,7 пайыз чегинде катталган”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий