• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«КР Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» КР конституциялык мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Ушул конституциялык мыйзам КР Улуттук банкынын укуктук статусун, максатын жана негизги милдеттерин, ишин уюштуруунун тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.

Мыйзам башка нерселер менен бирге төмөнкүлөрдү камтыйт:

— Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен КР Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү;

— Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына Улуттук банк тарабынан насыяларды/займдарды берүү мүмкүнчүлүгү;

— КР Конституциясынын жоболорун аткаруу үчүн Улуттук банктын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык өз алдынчалыгы жөнүндө жоболор такталган.

Пикир

Оставить комментарий