• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Василий Кавешников дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, отставкадагы подполковник Кавешников Василий Тихонович дүйнө салды.

В.Т.Кавешников Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук органдарында кызматын 1951-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын Киров райондук бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери болуп баштаган.

1952-жылдан тарта Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу МККнын бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССРинин МККнын инспекциясынын башчысы болуп жооптуу кызматтарды аркалаган.

Кызмат учурунда ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарган. Василий Тихонович менен катар кызмат өтөгөндөрдүн баары аны чыныгы офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер катары, өз милдеттерин бийик сезген адам катары эстеп калышты.

Ал чекисттердин бир эмес, бир нече муунун тарбиялап, ар дайым чынчылдыкка, калыстыкка үйрөтүп, МККнын салттарын ардактоого, өжөрлүккө, кең пейилдикке, коопсуздук кызматкеринин наамын бийик көтөрүүгө, өз мекенин сүйүүгө үйрөткөн.

В.Т.Кавешников боорукер адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ал ушундай адам катары биздин эсибизде калды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий