• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР волейболчулары Россияда өтө турган турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык курама волейбол боюнча Россияда өтө турган эл аралык “Улуттар Кубогу-2018” турнирине катышат. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациясы билдирет.

Турнир 14нөн 19-май күндөрү Новосибирск шаарында өтөт. Беттеш “Микст 4+2” форматында өткөрүлөт, команданын курамында 4 эркек жана 2 аял болушу керек.

Медаль үчүн Россия, Франция, Казакстан, Япония, Польша, Австралия жана Кыргызстандан барган 8 курама ат салышат.

Чучукулакта КР курамасы Польша, Франция жана Казакстандын курамалары менен бирге “А” тайпасына туура келген. “В” тайпасында болсо Россия, Япония, Австралия жана Новосибирск облусунун курамалары беттешет.

КРдин атынан барган спортчулар: Медет Эргеш уулу, Альберт Орозбай уулу, Байастан Жыргалбек уулу, Адылбек Алишер уулу, Данияр Хамаридин уулу, Уланбек Алишеров, Айдай Кадыров, Мадина Мирлан кызы, Алия Шумкарбекова. Машыктуруучу Учкун Маралова.

КР курамасынын оюндарынын жүгүртмөсү:

14-май

9:00 Кыргызстан — Казакстан

17:00 Кыргызстан — Франция

15-мая

15:00 Кыргызстан — Польша.

Пикир

Оставить комментарий