• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инаугурация күнү ЖК жана Жээнбеков менен кеңешкенден соң аныкталат – Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 30.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын күнү Жогорку Кеңештин жана жаңы дайындалган президент менен кеңешкенден соң аныкталат. Бул тууралуу журналисттерге БШКнын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымына караганда, шайлоо өткөрүлгөндөн соң, БШК 30 календардык күндүн ичинде расмий жыйынтыкты жарыялашы керек, ал эми, жыйынтык айтылгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде жаңы шайланган президенттин инаугурациясы болушу керек.

“Айта кетүүчү жагдай, мыйзамда жаңы шайланган президентти дал ушул күнү инаугурациядан өткөрүш керек деп жазылган эмес. Мен ойлоймун, бул дата парламент менен кеңешкенден кийин такталат. Биз ЖК депутаттары жана жаңы шайланган КРдин президенти менен кеңешип, инаугурациянын датасын аныктайбыз”,-деп түшүндүрдү Шайлдабекова.

Пикир

Оставить комментарий