• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жана АКШ аскер ведомстволору кызматташуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. 2017-жылы 9-мартта Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабында Генералдык штабдын жетекчисинин орун басары генерал-майор Закир Тиленов Монтана штатынын Улуттук Гвардиясынын башчысы Т.Квинни жана АКШнын Борбордук командачы орун басары генерал Браун менен жолугушту.

КР ККБШнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун максаты – КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы менен АКШнын Монтана штатынын Улуттук Гвардиясынын ортосундагы аскердик кызматташуулардын планын талкуулоо болуп саналат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аскердик кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүрүп, мындан аркы өз ара алакалардын багыттары аныкталды.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда ишенимдүү мамилелер жана ар кыл – саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуу түзүлүп калды. Бул кыргыз-америка эки тараптуу мамилелеринин туттмунда өзгөчо орунду ээлеген аскер кызматташуу жаатына да тиешелүү. Биргелешкен окууларды өткөрүү, мамлекеттерибиздин атайын дайындоодогу куралдуу күчтөрүнүн тажрыйба алмашуудары аскер кызматкерлерибиздин ортосундагы бекем достук мамилелерин түзүүнүн шарттайт”, - деп белгиледи генерал-майор Закир Тиленов.

Белгилей кетсек, делегация КР ККнын Улуттук Гвардиясына баруусу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий