• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР жана Армениянын премьерлери кызматташуунун келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчылардын жолугушуусунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелери жана келечектүү багыттары талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык биримдик жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагындагы өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелерин, чет элдик инвестицияларды тартуу, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматашуунун көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды талкуулашты.

Кыргызстандын жана Армениянын Өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин алкагындагы келишимдерди ишке ашыруу жана эки тараптуу мамилелерди комплекстүү өнүктүрүү боюнча активдүү иштерге даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий