• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жана БАЭ көп жактуу кызматташат

Саясат 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян менен жолугушту. КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын АКШдагы 72-сессиясынын алкагында өттү.

Маалымат боюнча, жолугушууда тараптар БАЭ тышкы саясат ведомствосунун башчысынын КРга сапарынын алкагында (2017-ж. 24-май) жетишилген кыргыз-эмират эки жактуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү ойлорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий