• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жана Бангладеш ТИМ башчылары дипмамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышты

Саясат 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жана Абдул Хассан Кыргызстан менен Бангладеш Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата куттуктоолорун жолдошту. Бул тууралуу кыргыз тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Өз куттуктоосунда Э.Абдылдаев: “Эки тараптуу мамилелердин түзүлгөнүнөн тартып, биздин өлкөлөрдүн өз ара карым-катнашы достук жана кызматташууга негизделип келет. Кыргыз-бангладеш мамилелери эки жактуу кызыгуунун бардык багытында келечектүү кызматташууларга ээ”, - деп белгиледи.

Ал эми Абдул Хассан Махмуд Алинин кайрылуусунда: “Биздин өлкөлөрдүн достугу менен кызматташуусу 1992-жылы мартта дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнөн башталган. Экономикалык өсүш, элибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн соода-экономикалык кызматташууда бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийишпиз”, - деп белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий