• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жана ЕБ "жашыл экономиканы" колдоо боюнча финансылык макулдашууга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда "жашыл экономиканы" колдоо боюнча финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документке КР экономика министри Данияр Амангелдиев жана Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан аймагы боюнча директору Петерис Устубс кол коюшту.

Кол коюу аземи программанын донор-өлкөлөрүнүн өкүлдөрү - Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан региону боюнча директор – Петерис Устубс, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер жана ЕБнын башка расмий адамдарынын катышуусунда өттү.

Белгиленгендей, документте Кыргызстан үчүн көп жылдык индикативдик программанын алкагында КР "жашыл экономика" программасын каржылоо каралган.

Макулдашуунун алкагында Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө жол бербөө, жашыл, туруктуу экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү, ошондой эле социалдык-коомдук жана коммуникация багыттарын өнүктүрүү сыяктуу маанилүү багыттар каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий