• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жана Эстония ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 2017-жылы 10-апрелде КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Эстония Республикасынын Тышкы иштер министри С.Миксердин чакыруусу менен биринчи жолу расмий сапары менен Эстония Республикасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маселелердин кеңири спектрин – 2017-жылдын 2-жарымында Эстониянын Европа биримдигине төрагалык кылуусун эске алуу менен Кыргызстан жана Эстониянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты.

Министрлер өлкөлөр аралык мамилелерди, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары күчөтүүгө ишеним көрсөтүшүп, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жолу менен эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Э.Абдылдаев Таллиндин электрондук өкмөттү жайылтуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын эсепке алуу менен “Таза коом” улуттук долбоорун ишке ашыруу маселесине эстон тараптын көңүлүн бурду.

Өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында КРнын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев менен Эстониянын ТИМ башчысы С.Миксер КР Өкмөтү жана Эстония Өкмөтүнүн ортосунда кош салык жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий