• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР жана Иран ТИМ башчылары эки жактуу кызматташууларды талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 19-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушууда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүнүн алкагындагы кыргыз-иран кызматташуусу талкууланды. Бул тууралуу бүгүн Ирандык кесиптеши М.Ж. Зариф менен жолугушуунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.

Э.Абдылдаевдин айтымында, Иран ТИМ башчысы менен жолугушуунун алкагында кыргыз-иран мамилелеринин кеңири чөйрөсү талкууланган. “Бүгүнкү жолугушуу жылуу маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттеринин өз ара сапарларынын учурунда жетишилген макулдашууларды аткаруу талкууланды. Биз, бул сүйлөшүүлөрдө жетишилген натыйжалар кыргыз-иран мамилелерин мындан аркы өнүктүрүүнүн маанилүү платформасы деп эсептейбиз”, - деди КР тышкы иштер министри.

Ал белгилегендей, Кыргызстан Иран менен транспорт, кайра иштетүү, айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана жаңы технологиялар тармактарында кызматташууга кызыкдар.

Ошондой эле, тараптар эки өлкөнүн товар айлантуусун жогорулатууну талкуулашты.

“Сүйлөшүүлөрдө биз Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагындагы кызматташууну талкууладык. Иран дагы биз менен кызматташууга кызыкдар, себеби, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында Иран үчүн Биримдиктин рыногуна чыгууга жаңы мүмкүндүктөр ачылат”, - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий