• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР жана Казакстан ТИМ башчылары соода-экономикалык маселелерди тезинен чечүү керектигин моюндашты

Саясат 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. 9-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстан жана Казакстандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Кайрат Абдрахманов жолугушту.

Тараптар ЕАЭБ алкагында аймактык жана эки жактуу кызматташуунун аспектилерин талкуулашканы Казакстан ТИМинин сайтында маалымдалат.

Министрлер кыргыз-казак эки жактуу алакаларын бекемдөөгө жана топтолуп калган соода-экономикалык маселелерди чечүүгө кызыкдарлык билдиришти.

Ошондой эле министрлер эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун байланыштарын активдештирүүнү макулдашты.

Эскерте кетсек, Абдылдаев жана Абдрахманов Самаркандга Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык конференцияга катышуу үчүн келишкен.

Пикир

Оставить комментарий