• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР жана Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.

Эки жактуу жолугушуу бүгүн, 1-июнда өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

«Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», - деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы зор экенин баса көрсөттү.

«Биздин президенттерибиз тарабынан өз ара сооданы 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул бизди өз ара товар айлантууну өстүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

«Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», - деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар Казакстанда Премьер-министрлердин төрагалыгы алдында 7-чи Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий