• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жана КЭР эксперттери Бишкекте кызматташуу келечегин талкуулашууда

Саясат 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалог” кезектеги эки жактуу Форуму өтүп жатат.

Форумдун жүрүшүндө эксперттер эксперттер эки өлкөнүн өкмөттөрүнө ыкчам сунуштарды иштеп чыгуу жана эки жактуу алакаларды жаңы сапаттык деңгээлге илгерлетүү максатында мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Форумдун ишине КЭР жана КР эксперттик коомчулугунун, КР Тышкы иштер министрлигинин, КЭРдин КРдагы элчилигинин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда. Иш-чара төрт баскыч менен расмий бөлүгү жана үч сессия менен өтөт.

Расмий бөлүгүндө КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, КЭРдин КРДагы элчичи Сяо Цинхуанын, ошондой эле КР экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин, Кытай коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбор Азия Институтунун директору Сунь Чжуанчжи Кыргызстандын Кытай менен “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында стратегиялык кызматташуусу жөнүндө пленардык докладдар менен чыгуулары күтүлүүдө.

(Сүрөттөрү Роман Гайнановдуку)

Андан соң үч сессиянын жүрүшүндө эксперттик аянттын катышуучулары Кыргызстандын Кытай менен кызматташуусунун форматын, артыкчылыктуу багыттарын жана практикалык каражаттарын талкуулашат. Форумдун ар бир бөлүгүнүн жыйынтыгы боюнча эксперттер дискуссиянын жыйынтыктарын билдиришет.

Пикир

Оставить комментарий