• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жана КЭР ТИМ башчылары эки тараптуу мамилелердин динамикасын жогору баалашты

Саясат 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. 2017-жылы 21-апрелде Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзүнүн кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, эл аралык көйгөйлөр, коопсуздук, соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтык жана эки тараптуу долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча пикир алмашышты.

2017-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу тышкы саясий ведомство башчылары эки тараптуу мамилелердин динамикасын жогору баалашып, жыйынтык чыгарышып, келечек планды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий