• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР жана Корея кыргыз элинин материалдык жана материалдык эмес мурастарын санариптештирүү боюнча долбоорду талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. 7-май күнү Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелованын Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин Азия маданий борборунун эл аралык кызматташтык жана изилдөө иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Ли Чхол Вун жетектеген делегациясы менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Жолугушуу учурунда тараптар ODA (Өнүктүрүү боюнча расмий жардам) тармагы аркылуу Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Тараптар Кореянын Азия маданий борборунун жардамы менен Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти. Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө байланыштуу, Корея тарап кыргыз элинин материалдык жана материалдык эмес мурастарын санариптештирүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, бул долбоор Кыргызстандын маданий мурастарын сактап калуу, ошондой эле кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтуу үчүн маанилүү болуп эсептелет.

Жолугушуунун аягында, Азия маданий борбору элчиликке корей, орус жана англис тилдерине которулган кыргыз жомокторун тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий