• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР жана Пакистан дипломатиялык кызматташтыгын дагы бир документ менен бекемдөөгө даярданууда

Саясат 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргызстан жана Пакистан эки мамлекеттин дипломатиялык түзүмдөрүнүн кызматташтыгы тууралуу биргелешкен документти даярдашууда. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

КР ТИМнин Дипломатиялык академиясынын Пакистандын дипломатиялык академиясы жана Пакистандын заманбап тилдер улуттук университети менен кызматташтыгы тууралуу меморандумдун деталдарын талкуулоо бүгүн жогорку окуу жайдын ректору Чынара Дикамбаева жана Пакистандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Файсал Нияз Тирмизинин катышуусу менен өттү.

Жолугушуунун алкагында аталган документке кол коюу жана аны ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий