• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР жана ӨР президенттери басма сөз үчүн билдирүү жасашты

Президент 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өзбек лидеринин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясый эрк, каалоо болсо бардык маселелер боюнча макулдашууга жетишсе болооруна ынангандыгын баса белгиледи. “Бул тарыхый күндүн жакындатууда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эмгеги зор. Ал мени бир тууганым дегендей эле, мен дагы аны бир тууганым дейм. Өлкөлөрүбүз ортосунда бир туугандык мамилелер болушу керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.- Эки өлкөнүн ортосунда көп проблемалар, тоскоолдуктар болгон, бирок алар чечилип келген. Бүгүн биз баардык маселелер боюнча толугу менен өз ара түшүнүшүүгө жетиштик”.

Президент Алмазбек Атамбаев октябрь айына пландаштырылган сапарына чейин бүгүн, 5-сентябрда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу зарыл экендигин белгиледи. “Биздин чек араларыбыз эл эркин катташкыдай максималдуу ачык болушу керек. Чек араларыбыз араздашуунун чек арасы болбостон, жакшы коңшулаштыктын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш”, -деди Президент.

“Шавкат Мирзиёев иштегенине бир жылга жетпеген мезгилде Өзбекстандын экономикасында жана саясатта радикалдуу өзгөрүүлөр, прогрессивдүү реформалар болду. Шавкат Мирзиёев бардык коңшулаш мамлекеттер менен мамилени жакшыртты. Мындай ыргак менен Борбордук Азиянын географиялык борбору болуп саналган Өзбекстан соода, экономикалык, саясый борборуна айланаарын көрүп турам”, -деди Алмазбек Атамбаев. – Бүгүн мен биздин ортобузда чечилбей турган эч бир маселе жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Каалоо болсо, Өзбекстанда дагы, Кыргызстанда дагы көп жыл күткөн Шавкат Миромонович сыяктуу прогрессивдүү лидер болсо, бардыгы чечилет экен.”

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Шавкат Мирзиёевге өлкөгө сапар тартып келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстанга жооп иретинде сапар менен келип кетүү тууралуу чакырууну канааттануу менен кабыл алды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев да бүгүнкү күн тарыхый күн экенин белгиледи. “Алмазбек Шаршенович экөөбүз бул күндү мүмкүн болушунча жакындаттык, - деди ал. – Биз Самарканда жолукканда ортобузда абдан ачык жана адил сөз болду. Биз ага чейин да жолукканбыз жана бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Премьер-министр болуп иштеп турганда да биз көп сүйлөшчүбүз, бирок, ал кезде көп маселелердин чечилиши бизге байланыштуу эмес эле. Биздин колубуздан көп нерсе келип турган бүгүнкү күнгө бизди Кудай жеткирди”.

«Алмазбек Шаршенович жолугушуу учурунда тийиштүү ведомстволорго экөөбүздүн Ташкенттеги жолугушуубузга чейин чек аранын калган бөлүгүн баяндап жазууну тапшырды. Чынында аз эле калды, биз бир жылдын ичинде чек аранын 80 пайыздан көбүн баяндап жазып бүтүп койдук. Аракет кылсак, калганын да бүтөбүз деп ойлойм. Айрым кууш, аяр маселелер боюнча адегенде Алмазбек Шаршенович экөөбүз талкуулап, бир бүтүмгө келдик. 20 жылдан бери чечилбей келаткан маселелерди биз чечебиз. Биздин элдерибиз үчүн бул маселени чечишибиз керек. Биздин мамилелерге биз өтө чоң маани беребиз жана келечекти чоң ишеним менен баалайбыз», - деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан Президенти бул күнгө биз абдан кылдаттык, сабырдуулук менен келдик, анткени бул маселеде кызуулукка орун болбошу керек, бул маселеде акыл-эстүүлүк зарыл деп баса белгиледи. “Бул ишти улантууга бизде саясий эрк бар. Кыска мезгил аралыгында Алмазбек Шаршенович өлкөдө туруктуулукту орнотуу үчүн көп иштерди жасады. Кошуна катары биз буга кубанычтабыз. Эгерде ортобузда достук болбосо, бизге да, силерге да эч убакта жакшы болбойт. Биз бүгүн айтып жаткандар – бул коопсуздук маселеси. Мен бул чек ара достуктун чек арасы болушун каалайм », - деди Шавкат Мирзиёев.

Ал суу ресурстары боюнча да, Анжиян-Ош-Кашкар автожолунун курулушу боюнча да, ошондой эле Кыргызстандагы гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча да олуттуу макулдашууларга жетишилгенин белгиледи. “Биз бул иштерибизди улантып, элге кызмат кылышыбыз керек”, -деди Шавкат Мирзиёев.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Өзбекстан менен достукка алынган багыт мындан ары улантылаарына ишендирди. “Кыргызстандын жарандары бул багытты улай турган адам үчүн добуш берээрине ишенем”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий