• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жана РФ ИИМдеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын Ички иштер министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

КР ИИМнин басма сөз кызматынан билдиришендей, 16-сентябрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Вадим Гусев, Россиянын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Борис Яковченко, Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, БУУнун Баңгизаттар жана

кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков "Ысык-Көл 2021" учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус биргелешкен машыгуулары ийгиликтүү өтүп жаткандыгын жана өз ара кызматташуу жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

Ниязбеков учкучсуз учуучу аппараттарды Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө колдонуу келечегин, ошондой эле Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууда адистерди даярдоо борборун түзүү керектигин жана региондук деңгээлге чейин ишмердүүлүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий