• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жана РФ ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык өнүктүрүлөт

Президент 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарындагы аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү механизмин өнүктүрүү жана Куралдуу Күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн, атайын кызматтарын куралдардын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдуу жана жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүү максатында түзүлгөн.

Ошондой эле бул Келишимди ратификациялоо коргоо өнөр жайынын ишканаларына биргелешип иштөө үчүн шарттарды түзү п, эки тараптуу аскердик кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүүгө, коюлган маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кубаттуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий