• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР жана РФнын кайчылаш жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын кайчылаш жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов кайчылаш жылдын алкагында пландалган иш-чараларды жогору деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москвада өтөрүн эске сала кетейин. Ушул жана башка маанилүү иш-чаралар сапаттуу иштелип чыгып, жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек. Өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары кайчылаш жылдын программасына киргизилген иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн уюштуруу жана башка маселелерди чечүүсү маанилүү», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйында Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын эркин программасы (иш-чаралардын планы), ошондой эле бир катар уюштуруу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, 2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.

Кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттык сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалды.

Пикир

Оставить комментарий