• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР жана Түркия ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 7-майында Анкара шаарында кол коюлган 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга Кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Кошумча протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Жогоруда аталган Макулдашууга Кошумча протоколдун максаты Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында болуу шарттарын жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Алсак, Түркия Республикасына 90 күндөн ашпаган мөөнөткө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын ар бир жаранын коштогон эки адам үчүн жашап турууга уруксатты тариздөөгө акы төлөөдөн бошотуу каралган (эгерде Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ыйгарым укукка ээ болгон компетенттүү медициналык мекеме тийиштүү ырастоо берсе).

Ошондой эле Кошумча протоколдо шарттардын тизмеси камтылган, аларга ылайык ар бир тараптын дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалган кызмат адамдары иштөөгө уруксат алуу зарылдыгынан бошотулушат.

Пикир

Оставить комментарий