• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жана ТРнын президенттеринин жолугушуусу – алар эмне жөнүндө макулдашышты?

Саясат 0

Анкара, 10.04.18. /Кабар/. Анкарада кечээ Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдогандын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү.

Тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуулардын жүрүшүндө мамлекет башчылары эки мамлекет ортосундагы товар алмашууну жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылышты. Бүгүнкү күнгө карата расмий маалыматтар боюнча Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу дээрлик 400 млн АКШ долларын түзөт. Жакынкы күндөрү аны 1 млрд долларга чейин жогорулатуу максаты турат.

Андан тышкары, президенттер Кыргызстанга инвестиция салуу, өнөр-жай жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий