• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жарандары менен тажик чек арачылары ортосунда кайым айтышуу болуп, окуя жөнгө салынды

Коом 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Кечээ, 20-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айылынын Эски-Мазар жергесинде КР жараны менен Тажикстандын чек ара нөөмөтүндөгүлөр ортосунда кайым айтышуу болуп, ал жагдай жөнгө салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматы билдиргендей, белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын жарандарынын жумушчу шаймандары турган сарайдын эшигин сындырып кетишкен. Ал сарай чек аранын шарттуу чегинен 5-6 метр алыстыкта жайгашкан.

"Ал тилке белгилене элек болуп, иш жүзүндө кыргызстандык жарандар колдонуп келген. Кыргызстандык жарандар эшикти оңдомокчу болгондо Тажикстандын чек ара нөөмөтү ага тоскоолдук кылган. Кыргызстандын чек арачылары окуя жерине келип, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында тажик тарап КР жарандары сарайдын эшигин оңдоосуна жана аны колдонуусуна макул болушкан", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Ошондой эле, тажик тарап ал тилкеде кызмат өтөгөн чек ара нөөмөтү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ал эми, Кыргызстандын чек арачылары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин аткарышкан.

Пикир

Оставить комментарий