• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР жарандары Словакияда кулчулукка кабылдыбы? Компания башчысы сүйлөшүү үчүн учуп кеткен

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-сентябрында «Эдвайс Кей Джи» ЖЧКсынын директору А.Нишанов КР жарандары кулчулукка кабылды делген кырдаалды жөнгө салуу максатында мекендештер менен жолугушуу жана иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Словакияга учуп кеткен. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Эдвайс Кей Джи» ЖЧКсы КР жарандарын Словакия Республикасында ишке орноштуруу укугуна уруксат алуу жол-жобосунан өткөн.

"Учурда компаниянын №000581 уруксаты бар жана 2021-жылдын башында Кыргызстандын 13 жаранын Словакияга жөнөткөн. Визалар Казакстандын Нур-Султан шаарында алынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, транспорт компаниясы жана иштөө шарттары тууралуу бардык маалыматтар жарандарга кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөнгө чейин түшүндүрүлгөн.

Бул маселе Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, Словакияда эмгек миграциясында жүргөн КР жарандары аларды кулчулуктан куткаруу өтүнүчү менен КР ЖК төрагасы Талант Мамытовго жана КР акыйкатчысы Токон Мамытовго кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий