• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР жарандары Тажикстанда барымтага алынган деген маалымат чындыкка дал келбейт – УКМК

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Кыргыз жарандары Тажикстанда барымтага алынган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Эскерте кетсек, соцтармактарда Тажикстандын күч органдары кыргыз жарандарын кармап, аларды барымтага алгандыгы тууралуу маалымат тараган.

"Аталган маалымат чындыкка дал келбейт жана фейк маалымат", - деп белгиледи УКМКдан.

Үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү Тажикстандын аймагынан 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда мүйүздүү малды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган 5 кыргыз жараны кармалган.

Кармалган жарандарга карата тажик тарап тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Учурда аталган жарандарды Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүрүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий