• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР жарандыгына 342 адам кошулуп, 551 адам жарандыктан чыгарылды

Президент 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы 551 адамды (анын ичинен 422 - чоң адамдар жана 129- балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 342 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 341 -чоң адамдар жана 45- балдар) , алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Пикир

Оставить комментарий