• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР жарандыгына 636 адам кошулуп, 448 адам жарандыктан чыгарылды

Президент 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Үч Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 636 адам кабыл алынат (анын ичинен 538 — чоң адамдар жана 98 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Бир Жарлыкка ылайык, 448 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 83 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий