• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде кайталанып жаткан жоболорду жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиндеги «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына шилтемелерди туура колдонуу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий