• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР жараны башка бирөөнүн паспорту менен Россияга учуп кетүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. “Манас-аэропорт” көзөмөл өткөрмө жайынын чек ара кызматкерлери башка бирөөнүн паспорту менен Россияга учуп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-октябрда Бишкек-Новосибирск каттамын каттоо маалында жаш келин 1978-жылкы У.Д., аттуу жаранга таандык болгон паспортту көрсөткөн.

Чек ара кызматкерлери документтерди текшерүү маалында паспорт аталган жаранга таандык эмес экендигин аныкташкан.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган КРнын жараны кармалып, тиешелүү документтер чогултулган соң, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий