• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жараны башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. “Манас-аэропорт” көзөмөл пунктунун чек арачылары Стамбулга башка бирөөнүн паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган кыргызстандык кызды кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бишкек-Стамбул каттамы боюнча багыт алган авиарейсти каттоо учурунда 1977-жылкы М.Т., аттуу жаран жалпы жарандык паспортун көрсөткөн. Бирок аталган документ чек ара кызматкерлеринде шек жараткан. Жыйынтыгында ал паспорт башка бирөөгө таандык экендиги аныкталган.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий