• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жараны Казакстандан 80 кг темир бөлчөктөрүн алып чыгууга аракет кылган – МЧК

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргызстанга Казакстандан 80 кг темир бөлчөктөрүн киргизүүгө аракет жасаган жаран кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаран “Чалдыбар-унаа жолу” чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Аталган бөлүмгө 1986-жылы туулган С.С. аттуу жаран “Toyota Avalon” үлгүсүндөгү унаа менен келген. Унааны текшерүүнүн жыйынтыгында чек ара кызматкерлери унаанын ичинен темир бөлчөктөрү менен толтурулган 8 кутуча табышкан. Жүктүн жалпы салмагы 80 килограммды түзгөн.

Кармалган жаран КР ИИМнин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий