• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР жараны Стамбулда аэропортто өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Стамбулдун эл аралык “Ататүрк” аэропортунда Кыргызстандын жараны өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган, - деп жазат түрк ЖМКлары.

haberler.com порталынын маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран эл аралык терминалдын тепкичине чыккан. Экинчи жүргүнчү аны секирбе деп артка кайтарууга аракет кылган. Бирок эркек киши ага карабастан экинчи кабаттан боюн таштаган.

Жабыркаган жаранга дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, андан соң ооруканага алып кетишкен. Полиция учурда окуянын чоо-жайын текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий