• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР жараны тууганынын паспорту менен Түркияга учуп кетүүгө аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Кыргызстандын жараны Түркияга тууганынын паспорту менен учуп кетүүгө ааркет кылган,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында “Манас-аэропорт” көзөмөл-өткөрмө жайынын чек арачылары КР жаранын башка бирөөнүн паспорту менен кармашкан.

Бишкек-Стамбул каттамын каттоо маалында 1986 жылы туулган А.С., аттуу жаран паспорт текшерүү учурунда башка бирөөгө таандык болгон документти көрсөткөн. Ал 1992-жылы туулган тууганынын паспорту менен Түркияга учуп кетүүгө аракеттенген.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий