• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР жаранынын өлүмүнө байланыштуу Москвада тергөө жүрүүдө - элчилик

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын жаранынын өлүмүнө байланыштуу Москвада тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын РФдагы дипөкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, бүгүн бир катар ЖМКда Москвада КРдин жараны үйдүн чатырындагы карды күрөп жатып каза болду деген маалымат жарыяланган.

Элчиликтин берген маалыматына ылайык, 24-декабрда болжол менен саат 11лер чамасында 1985-жылы 3-декабрда туулган КР жараны “М.Н.М.” Москва шаары, 2-Кабельная көчөсү, 10-үйдүн чатырындагы карды күрөп жаткан.

“Аталган факты боюнча учурда Москвада тергөө жүрүп жатат”,-деп маалымдашты дипөкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий