• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР жаш дзюдочулары Казакстанда өткөн турнирде 9 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 19.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын жаш дзюдочулары Казакстанда өткөн турнирде 9 медаль утушту. Бул тууралуу КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Турнир күн мурун 18-мартта Алматада өткөн, ага 2011, 2010, 2009-2008-жылы туулган жаш спортчулар катышкан.

Кыргызстандан барган бардык спортчулар медаль утушкан. Мелдештин жыйынтыгында жаш спортчулар 4 алтын, 4 күмүш жана бир коло медаль багындырышкан.

Пикир

Оставить комментарий