• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР жаштарын КМШ жаш интеллектуалдарынын Форумуна чакырышат

Маданият 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргызстандын жаштарын Ысык-Көлдө өтүүчү КМШ жаш интеллектуалдарынын Форумуна катышууга чакырышат. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, аталган министрликке караштуу улуттук маданият борбору КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык гуманитардык кызматташуу фондунун колдоосу менен 5-9-июлда “Муундар байланышы” жаш интеллектуалдар форумун өткөрөт. Иш-чара КМШдагы үй-бүлө жылына арналган.

“Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде жаш интеллектуалдар форумун өткөрүү салтка айланды. Быйыл Кыргызстан 6-жолу катышат”, -деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Форумга катышууга КМШ өлкөлөрүнүн жаштар уюмдарынын эл аралык жана улуттар аралык жаштар долбоорлоруна катышкан өкүлдөрү чакырылат.

18-35 жаштагы кесиптик ийгиликке жетишкен жаштар, жаштар кыймылынын маселелери боюнча адистер жана эксперттер форумга катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий