• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР жеңил атлетчилери эл аралык турнирге даярданууда

Спорт 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетчилери Өзбекстанда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Жеңил атлетика боюнча ачык кубок Ташкент шаарында 9-10-июнь күндөрү өтөт.

Кыргызстандын атынан 28 спортчу жана жети машыктыруучу барат.

Курама спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Дирекциянын бюджетинен 70 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий