• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР ЖК 2018-жылга республикалык бюджет долбоорун биринчи окууда жактырды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты, анда 2016-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Өкмөттүн отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжолу маселелери каралды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилери катышты.

КР Жогорку Кеңешинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча парламентарийлер «Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун бекитүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жактырды, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Пикир

Оставить комментарий