• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ЖК депутаты О.М.Артыкбаевдин билдирүүсүнө тийиштүү түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан алынган сурамага жооп боюнча билдирүүсүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Мурдараак Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жетекчисинин “Шылдырак” жайлоосунун аймагындагы үстүбүздөгү жылдын жазында жазгы ташкындан жабыркаган көпүрөнү оңдоого байланыштуу кайрылуусун карап чыгуу өтүнүчүн келтирген кат жөнөткөн.

Аталган кайрылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, Финансы министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каралган.

Жогорудагы көпүрөлөр Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансында болгондуктан жана район малчыларын гана тейлөө үчүн керектелгендиктен, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жетекчисинин дарегине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине стимуляциялык грант алуу үчүн арыз берүү зарылдыгы тууралуу жооп жөнөтүлгөн. Аталган жооптун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын дарегине маалымат иретинде жөнөтүлгөн.

Депутат тарабынан айтылган сын-пикирге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мындан ары карай кат ээсине жана Жогорку Кеңеш депутаттарына карата жооптор өз алдынча кат иретинде багытталуусу үчүн кадамдар жасалат.

Пикир

Оставить комментарий