• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКга шайлоо. Элчиликтин кызматкерлери Казань, Самара жана Краснодарга консулдук сапар уюштурду

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-ноябрында болчу КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштердин алкагында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери добуш берүү үчүн биринчи жолу шайлоо тилкелери түзүлө турган Казань, Самара жана Краснодар шаарларына консулдук сапарлары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын негизги максаты бул шаарларда жана чектеш аймактарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо болуп саналат.

Сапар учурунда КР Тышкы иштер министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мобилдик топторуна консулдук каттоо жана биометриканы чогултуу, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын курамы калыптандыруу маселелери боюнча жардам көрсөтүлдү.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элчилик Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргызстандыктарга кайрылып, активдүү жарандык позициясын көрсөтүү жана конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шайлоочулардын тизмесине кирүү мүмкүнчүлүгүн колдонууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий