• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ЖКга шайлоо. Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктарга шайлоо тилкесинин дареги эскертилди

Коом 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган кыргыз жарандарына КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөрүн эскертет.

Маалыматка ылайык, буга байланыштууАКШнын Нью-Йорк шаарында №9054 шайлоо участогу түзүлгөн. Дареги: 866 United Nations Plaza, Suite 476 NewYork, N.Y. 10017.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык маалыматын тапшырган жана чет өлкөдө консулдук каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү участкадагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого турбаган жана биометрикалык маалыматын тапшырбаган шайлоочулар шайлоого катыша албайт. Консулдук каттоодон өтпөгөн жана биометрикалык маалыматын тапшырбаган шайлоочулар 2021-жылдын 15-ноябрына чейин жогорудагы дарек боюнча №9054 шайлоо участогуна келип, бул процедуралардан өтүүгө болот.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктардан парламенттик шайлоого чейин (https://tizme.gov.kg) сайтындагы шайлоочулардын контролдук тизмесинен өздөрүн текшерүүнү суранат.

“Тизмеден өзүңүз тууралуу маалыматты таппай же каталарды байксаңыз, Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнө кайрылууну суранабыз: (электрондук почта: kyrgyzstan.un.ny@mfa.gov.kg, тел: +1 212-486-4654)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий