• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Жогорку соту Кыргызстандын аялдарын 8-март менен куттуктайт

Коом 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен кыргызстандык айымдарды куттуктайт.

КР ЖС басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу Кыргызстандын айымдары! Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Урматтуу апалар жана эне-сиңдилер! Аялзаты дегенде биз биринчи кезекте бизге өмүр тартуулап, бапестеп чоңойткон мээримдүү апаларыбызды эстейбиз. Аял – бул баарыдан мурда Эне. Ал эми биз ар бирибиз өмүр бою Энелердин ыйык ак сүтүн актоого милдеттүүбүз.
Даанышман элибиз бекеринен чыгаан баатырдын артында ак көңүл, мээримдүү, көрөгөч жана камкор аялзаты турат деп айтпаса керек.
Жаратканыбыз аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен.
Сиздердин жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, үмүт билигин узартып, келечекке ишенимиңди арттырат.
Сиздерге чың ден -соолук, зор бакыт-таалай, жаркын маанай каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий