• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Жогорку сотунун төрайымы Анкарада ачылган Манастын эстелигинде болду

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 2-сентябрында КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Анкара шаарында ачылган Манастын эстелигинде болду. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Нургүл Бакированы Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев тосуп алды

Эстелик баш калаадагы Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата орнотулган.

Айкелди орнотуу демилгесин элчи Кубанычбек Өмүралиев көтөрүп, жалпы эл колдогон. Аны Кыргызстандын скульпторлору жасашкан.

Айкел жез темирден жасалып, бийиктиги алты метрди түзөт. Ал эми астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

Пикир

Оставить комментарий