• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Жогорку сотунун төрайымы Түркиядагы Эл аралык симпозиумда сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 2-сентябрында КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиянын Анкара шаарында өткөн “ Апелляциялык соттордогу алдыңкы тажрыйбасы ” деген аталыштагы эл аралык симпозиумдун ишине катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Симпозиумду Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа ачып, андан соң катышуучуларга сөз берилди.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өз сөзүндө кыргыз сотунун өнүгүү жолдоруна токтолду.

“Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө сот тутумунун көз карандысыздыгын бекемдөө, ачыктыгын камсыз кылуу жана анын ишин жакшыртуу максатында сот системасын санариптештирүү кызуу жүрүп жатат. Өлкөнүн сотторунда судьялардын ишин автоматташтырууга багытталган жаңы маалымат системасы, аудио жана видео жаздыруу, ошондой эле автоматташтырылган маалымат системасы ийгиликтүү иштеп жатат. Жаңы санарип технологияларды колдонуу жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин эффективдүү коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун ачыктыгын камсыз кылат жана өндүрүштү тездетет”, - деп белгиледи төрайым.

Ал сот-укуктук чөйрөдө тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча болгон мындай симпозиумдарды, конференцияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул өз кезегинде жогорку соттордун ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө салымын кошот деген ниетин айтты.

Иш чаранын алкагында катышуучулар Апелляциялык соттордун артыкчылык принциптери боюнча пикир жана сунуштарды ортого салып талкуулашты.

Дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген жогорку сот органдарынын төрагалары жана прокурорлор соттордун өз ара кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу туурасында баарлашты.

Эске сала кетсек, аталган симпозиум Түркиядагы 2021-2022 Сот жылынын ачылышынын алкагында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий