• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Жогорку сотунун төрайымынын кубогу боюнча судьялар арасында футбол мелдеши өткөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 12.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-12-сентябрь күндөрү Жалал-Абад областтык соту тарабынан спортту өнүктүрүү жана дени сак жашоого үгүттөө максатында кичи футбол боюнча КР Жогорку сотунун төрагасынын кубогун өткөрүү иш чарасы уюштурулду. Бул тууралуу ЖСнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.

Нургуль Бакирова турнирди ачып жатып, спорт адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн гана жакшыртпастан анын кулк-мүнөзүнө дагы пайдалуу таасирин тийгизе тургандыгын айтты.

“Сотто көп учурда адамдын тагдырына байланышкан, дегеле анын келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алууга туура келет. Ал чечимдер Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат. Бүтүндөй өлкөнүн атынан чечим кабыл алуу милдети жүктөлгөн кызматкер өзүн коомго үлгү боло тургандай алып жүрүүгө милдеттүү.

Бийик талаптар кесиптик даярдыгына эле эмес, ден соолугуна, кулк мүнөзүнө да коюлушу шарт. Ошондуктан биз сот тутумунда спортко дагы жетишээрлик көңүл бурушубуз керек. Ушуга окшогон спорттук иш чаралар спорттун башка түрдөрү боюнча да өткөрүлсө деген ойдомун. Келечекте Сиздер менен биргеликте ал иштерди дагы аткарабыз. Анткени спорт бизди ынтымакка, биримдикке чакырат”,- деп белгиледи төрайым.

Кичи футбол боюнча турнирге судьялардан турган жети облустун курама командалары жана Бишкек шаардык сотунун курама командасы, баардыгы болуп 8 команда ат салышты.

Ар бир команда, футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота акчалай сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын өтмө кубогу менен сыйланышты.

Биринчи орунду жана турнирдин өтмө кубогу менен Ош облустук соту сыйланышса, экинчи орунду Талас облустук соту багындырышты. Ал эми үчүнчү орунга Баткен облустук сотунун командасы татыктуу болду.

Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчу”, номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Кийинки турнирди Бишкек шаардык соту уюштурмай болду.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кубогуна турнир алгач 2018-жылы уюштурулган. Биринчи турнирди Ысык-Көл облусунун судьялары өткөрсө, экинчи турнирди 2019-жылы Чүй облусунун судьялары уюштурушкан. Өткөн турнирдин чемпиондук наамын Баткен облусунун судьялары алышкан болчу.

Пикир

Оставить комментарий