• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР «Зомбулуксуз балалык укугун» БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгынын башкы багыты катары тандады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгынын урматына документти ратификациялаган ар бир өлкө конвенциянын бир багытын артыкчылыктуу катары аныктайт.

Кыргыз Респцубликасынын Өкмөтү «Зомбулуксуз балалык укугун» БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгынын башкы багыты катары тандады.

Буга байланыштуу кечээ жакында Кыргыз Республикасынын туусу БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин глобусуна коюлду. Бул глобус БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында белгиленген. Мындан тышкары бул конвенция боюнча мамлекеттердин милдеттемелери Балдар укуктары боюнча комитеттин веб-сайтында жайгаштырылган.

Мыйзамда балдарга карата зомбулуктун ар кандай түрүнө тыюу салынган жана аларга карата орой мамиле кылуу үчүн жоопкерчилик каралган. Буга карабастан балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары орун алат.

Ата-энелерди колдоого, аларды балага кам көрүү жана аны тарбиялоого үйрөтүүгө багытталган көп секторлуу программалар балдарга зомбулук көрсөтүүнүн алдын алууда кыйла натыйжалуу катары саналат.

Ушундан улам Кыргыз Республикасында балдардын зомбулуксуз балалыкка укугун камсыздоо үчүн төмөнкү чаралар каралган:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2028-жылдарга карата үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасын ишке ашырууну камсыздоо;
  • Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чаралардын планын ишке ашырууну камсыз кылуу;
  • Асыроочу үй-бүлө институтун өнүктүрүү, анын өнүгүүсүн активдештирүү үчүн каржылоону көбөйтүү;
  • «Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасынын» алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды билим алуу менен камсыздоо.

Балдардын укуктарын камсыздоо чаралары 2024-жылга чейин жүзөгө ашырылат.

Милдеттемелерди аткаруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлөт.

Мындан тышкары Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын 30 жылдыгын белгилөө максатында Иш-чаралар планы бекитилген, аны аткарууга мамлекеттик, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий