• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Красная Горка – Ак-Таш трассасында кар көчкү түшүп, жол жабылды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-январь күнү саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымында (Капчыгай тилкеси) болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 5 кызматкер тартылды.

Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий