• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 8-январда саат 12:30 чамасында аталган унаа жолдун 1-4-чакырым аралыктарында 7 миң 725 м3 кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.

Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн жерине бир жүктөгүчү тартылып, аталган унаа жол бүгүн саат 16:30да тазаланып, эки тараптуу ачылды.

Пикир

Оставить комментарий